Бир кишинин алы жетпей калат. Сууга чөккөн адамды куткаруу ыкмалары

Быйыл жай мезгили башталгандан бери 20дан ашык адам сууга чөгүп кеткен. Кырсык каш-кабактын ортосунда экени белгилүү, андыктан сууга чөккөн адамды куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү эрежелерин билип алганыбыз оң. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо мектебинин башчысы Айдар Каптагаев Sputnik Кыргызстан редакциясына сууга чөгүп бара жаткан адамды куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү эрежелерин айтып, көрсөтүп берди. Кокус сууга чөгүп бараткан адамды байкап калсаңыз куткаруучуларды чакырыңыз. Ошондой эле сууга аркан, жыгач, баллон же жилет болобу, ыргытуу керек. Чөгүп жаткан адамды аркасынан же суунун асты менен барып куткарган оң. Анткени ал жанталашып жатып куткарууга барган адамды кошо чөктүрүшү мүмкүн. Мында трагедия көбүрөөк болуп калат. Жакын жерде куткаруучу жок болуп калса, өзүңүз сүзгөндү билсеңиз жаныңызга чабак урганды билген эки-үч адамды алып, чөгүп жаткан адамга тезирээк барыңыз. Эгер сиз көлдүн жээгинде эмес, сууда болуп калсаңыз, үнүңүздүн жетишинче кыйкырып элди жардам берүүгө чакырыңыз. Анткени чөккөн адамга бир кишинин алы келбей калышы ыктымал. Ал адамды жээкке алып чыккандан кийин түз жана катуу жерге жаткырып, дем алуусун, жүрөгү согуп, көзү реакция берип жатканын текшерип, анан ооз көңдөйүндөгү дем алуу органдарын тазалап, өпкөсүнө суу толуп кетпегенин кароо керек.
Back to Top