ТАСМА КАСЫМ ТЫНЫСТАН УУЛУНУН 120-ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛАТ
*************************************************************
1991-жыл. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылы. Бишкек шаарынын өйдө жагында жайгашкан Чоң-Таш айылындагы казуу иштерин баары муң кайгы менен күтүп турушту. Ооба, бул 1938-жылы тоталитардык Совет режиминин жана диктатурасынын курмандыктары жашырылган жерди казуу иштери эле. Казууда эски кыш бышырган очоктун чуңкурунан 137 кишинин баш сөөктөрү чыгат. Негизи эле Кыргызстандагы репрессия темасы козголгондо жогорудагы 137 киши эске келет. Бирок бул 137 киши эң алгач ачыкка чыккан репрессия курмандардыктары гана болчу. Андан сырткары 20-жылдардан тээ 50-жылдар аралыгында жалпы жонунан 40 000 киши атып өлтүрүлүп, дайынсыз жерлерге көмүлгөн, жүз миңдегендери сүргүнгө айдалып, мекенине кайтпай калган. Балким атылгандардын саны мындан да көп деген божомолдор да бар, анткени Чоң-Таштагы казып алуу иштеринен кийин, орус атайын кызматтарынын тапшырмасы менен көптөгөн архивтик материалдар жокко чыккан. Бул шовинисттик режимдин урпактарын гана эмес, өзүбүздөн чыккан жана ошол атылган эр-азаматтардын артынан тоголок кат жазгандардын урпактарынын да түн уйкусун бузган.
Атылгандардын баары эле Совет режими атагандай “эл душманы” беле? Жок, курман болгондордун арасында карапайым дыйкандар,жөнөкөй соодагерлер, тоодо мал жайгандар жана студенттер эле. Бирок жогорудагы 1938-жылкы репрессиянын курмандарынын арасында болсо ошол доордун айдындары, кыргыздын мамлекеттик, саясий, маданий, коомдук жана илимий каймагы бар болчу. Тагыраак айтканда СССРдин чыныгы диктатуралык жүзүн көрө билген акылдуу, зирек, диндар, кулдук рухтан алыс болуп, кыргыз элинин абсолюттуу эгемендүүлүгүн, эркиндигин, теңдигин жана биримдигин эңсеген кыргыздын эр-азаматтары эле.
Кыңк этпей моюн сунган, кул мүнөз массага муктаж болгон СССР үчүн бул катмар кооптуу жагдай жараткан. Бул эркиндик абасын эңсегендердин катарында 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик ж-а коомдук ишмерлер – Жусуп Абдрахман уулу, Ишеналы Арабай уулу, Баялы Исаке уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Жээнбай уулу Хасан, Эркинбек Эсенаман уулу, Салих уулу Мурат, Султанкул Шамурза уулу, Абдыкерим Сыдык уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу, Айдарбек уулу Иманаалы өңдүү кыргыздын чыгаандары бар эле. Ошол эле кезде булардын катарында дагы бир шейит орун алган. Кыргыз тили жана адабиятынын жол баштоочусу, кыргыз маданият искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, алгачкы кыргыз профессору – Касым Тыныстан уулу да бар эле. Ооба, бүгүнкү чыгарылышыбыз жери үчүн өз жанын берген Касым Тыныстанов тууралуу болмокчу.