Киев-Печерск лаврасы тууралуу 10 факт. Видеоинфографика
Тарыхы тереңге кеткен, Киев Русунда 1051-жылдары түптөлгөн Киев-Печерск лаврасы туурасындагы 10 фактыны видеоинфографика менен сунуштайбыз.
Бул жай православиеде лавра Богородицанын карамагындагы төрт ыйык жердин бири болуп саналат. Анын жайгашуусу да өзүнчө кызыктуу. Жер алдында Жакынкы жана Алыскы деп аталган, 600 чакырымга созулган үңкүрлөрү бар.
Чиркөө ыйык деп эсептеген 120 кишинин сөөгү жатат. Ал тизмеде жылнаамаларды жазган Нестор, атактуу Илья Муромец, Россиянын бир кездеги реформатору Петр Столыпин бар.
Лавра экиге бөлүнгөн. Төмөнкүсү Москва патриархатынын Украина православдык чиркөөсүнө караса, Жогоркусу Киев-Печерск тарыхый-маданий коругуна тиешелүү.
Киев-Печерск лаврасы 1990-жылдан бери ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.
40 views
301
97
1 year ago 00:08:34 1
Митрополит Павел в Введенском монастыре и в Киево Печерской Лавре
5 years ago 00:03:10 8
Родина-Мать и Киево-Печерская Лавра с высоты птичьего полета
5 years ago 00:09:40 1
Киевско печерская лавра с экскурсоводом Андреем.avi
6 years ago 00:01:26 3
Киево-Печерская Свято-Успенская Лавра с высоты птичьего полета. Аэросъемка дроном