3-4 күнгө деп чаралап салат жасабагыла. Диетолог жаңы жылдык дасторкон тууралуу

Жаңы жылдык дасторконду түрдүү тамак-аш, таттуу, ичимдиктер менен толтуруп тосуу кажетпи? Мунун баарын аралаштырып жеген адамдын ашказаны кандай абалда болот? Салаттагы азыктардын витаминин сактап калуу үчүн аны кантип даярдоо керек? Бул суроолорго Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери, диетолог Марина Дүйшөнкулова жооп берди. Ал Жаңы жыл майрамындагы дасторконду даярдоодо тамак-аштын көлөмүнөн тышкары, андагы азыктардын курамына дагы маани берүүгө чакырды. “Бул күндөгү көрүнүштү мындай сүрөттөйт элем. Кандайдыр бир көлөмдөгү идишти алалы дагы, ага сууну куялы, салатты салалы, анын үстүнө эт салабыз, жашылча-жемишти, андан кийин таттууларды, кээ бирлер анын үстүнө спирт ичимдигин кошот, анан “көп тоюп алдым, аш кылып коёюн“ деп таттуу суусундуктарды ичишет. Ошентип туруп идиштин капкагын жаап, коюп коёлу. Бир-эки саатта жанагы аралашма кычып кетет да. Биздин ичибизде деле ошондой көрүнүш болот. Болгону биз аны көрбөйбүз, жытын билбейбиз. Менимче, ашказанды антип кыйноонун кажети жок“, — деди адис. Ошондой эле ал майрамга салатка жашылчаларды кайнатууда кабыгын аарчыбай, идиштин капкагын жаап бышыруу менен андагы витаминдердин 70 пайызын сактап калуу мүмкүн экенин айтып берди. Дүйшөнкулова негизинен салаттарды чийки жашылчалардан жасоону сунуштады. Мындан тышкары, үч-төрт күн жейм деп чаралап оливье жасоо туура эмес экенин, андагы майонез төрт сааттан кийин эле бузула баштаарын түшүндүрдү.
Back to Top