Улуу Ата Мекендик согуштагы Кавказ кармашынын тарыхы

Улуу Ата Мекендик согушта Тамань жарым аралын бошотуу Кавказ үчүн кармаш менен аяктаган. Бул мезгил 1943-жылдын 9-октябры эле. Германия Кавказды эки айда алып, Бакуга чейин жетип, андан ары Иран менен Индияга жүрүш кылабыз деген. Немецтердин негизги максаты — “Перс коридорунан“ өтүп, майдын жетишпеген көйгөйүн чечүү эле. Нацисттер алгач Кавказдын тереңине жетип барууга жакшылап киришкен, Туапсе менен Грозныйга бир нече ирет аракет кылганы менен анысы ишке аша койгон эмес. Мындай “ийгиликтүү кадамдан“ кийин кырдаал бир топ өзгөргөн. Коргонуу согуштарында немец аскерлерин алсыраткан кызыл армиячылар контрчабуулга өтүшкөн. Абал акырындап советтик жоокерлер тарапка пайдалуу болгондой өзгөрө баштаган. 1943-жылдын 3-январында СССРдин ар улуттан турган аскерлери Моздокту, 11-январда Пятигорскини, 21инде Ставрополду, 12-февралда Краснодарды бошотушкан. 1943-жылы 4-февралда советтик Аскер-деңиз күчтөрүнүн десанты Новороссийскиге түшүп, жээкте анча чоң эмес аймакты 225 күн кармап турушкан. Бул толук бошотулган күн — 1943-жылдын 16-сентябрына чейин уланган. Кавказ кармашы 442 күнгө созулуп, узактыгы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Ленинграддын 900 күндүк коргонуусунан кийинки эле орунда турду.
Back to Top