Кино татаал турмуш. 40 жыл кинооператор болгон Абдыкулов менен видеомаек
Белгилүү кинооператор Карел Абдыкулов ата мекендик кинематографияда 40 жылдан ашык эмгектенип, бир топ фильмдерди жараткан. Киночу Sputnik Кыргызстан агенттигине кеңири маек куруп берди.
КРдин эл артисти Карел Абдыкуловдун өзүнүн айтымында, ымыркай кезинде жетим калып, чоң энесинин колунда өсүптүр. Элеттеги мектепте билим алып, окуусун борбор калаада уланткан. Өз киндигин өзү кескен жигит эмгек жолун 1958-жылы “Кыргыз фильмден“ баштап, “Ленфильмде“ стажировкадан өтүп тажрыйба топтогон. Кийин Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтунун операторлук факультетин аяктаган.
Абдыкулов чыгармачылыгында көбүнчө даректүү тасмаларды тартып, телевидениеге атайын чыгарылыштарды даярдаган. Алсак, “Советтик Кыргызстан“ киножурналынын берүүлөрүн, “Көрөгөч“ сатиралык журналынын атайын чыгарылыштарын тарткан. Андагы сейрек кадрлар азыркыга чейин архивде сакталып, киночулардын кинокартиналарында пайдаланылып келет. Ошондой эле ал союз маалында ири курулуш, жыйын, жолугушууларды, жогорку деңгээлдеги делегацияларды тосуп алган учурларды камерага түшүргөн.
КРдин эл артисти кесибинин аркасы менен жер көрүп, көптөгөн дүйнө лидерлерин тартып калганын айтат.
“Азыр ойлоп отурсам, кино — татаал турмуш экен. Себеби бул тармакта көрө албастык, жамандагандар бар, көзү, сөзү өткөндөр болот. Мен ага көңүл бурбай, ызаланбай иштей бердим. Эч кимге таарынган жокмун, эч ким менен талашып-тартышып урушпадым. Мен өзүмдү мактабайын, бирок бир да жолу бирөө менен кайым айтышкан жокмун. Анткени менден эч ким эч нерсе доолай алчу эмес. Кесиптештерим жетекчилерге “эмне үчүн Карел чет өлкөлүк командировкаларга көп барат“ деп арызданышчу. Алар жогору жактагылар өздөрү Карелди тандап жатса мен эмне кылайын деп жооп беришчү. Кээде “Карелдей тарта албайсыңар, андай таза, тыкан иштебейсиңер, англис тилин билбейсиңер“ дешчү экен. Мен Улуу Британиянын ханышасы Диана, АКШнын президенти Билл Клинтон, Түркиянын мурдагы президенти Тургут Озал, премьер-министри Сүлейман Демирел, кытайлык белгилүү мамлекеттик ишмер Дэн Сяопин менен жолугуп, аларды камерага түшүргөм“, — деди Абдыкулов.
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 90-жылдан кийин республикадагы бир катар саясий-экономикалык процесстерди тартып, чет элдик сапарларга расмий делегация менен көп чыгып иштеген. Азыр 83 жаштагы киночу ардактуу эс алууда.
78 views
239
84
1 year ago 00:16:08 362
Кино — татаал турмуш. 40 жыл кинооператор болгон Абдыкулов менен видеомаек
2 years ago 00:06:17 7
Тĕрлĕ халăх çамрăкĕсем форумра пуçтарăнчĕç
2 years ago 00:04:05 2
Fekete Vonat - Bilako
2 years ago 00:03:13 9
Valentin Nica - Un Pahar Cu Vin | Official Video 2019
7 years ago 00:02:51 2
Каныкей - Адамдын Өзү Татаал (Саундтрек Спор на Миллион)
10 years ago 00:02:50 22
Каныкей - Адамдын Өзү Татаал (Саундтрек Спор на Миллион))
11 years ago 00:02:50 11
Каныкей - Адамдын Өзү Татаал (Саундтрек “Спор на Миллион“):)
1 month ago 00:32:07 112
Согуштагы эрдигинен улам куугунтукка алынган Булатов //
2 months ago 00:01:21 160
Өмүрлөрдү сактаган Ладога. Тарыхый видеобаян
2 months ago 00:18:43 2.1K
Синдром Жильбера и его влияние на уровень тестостерона | Описание заболевания и результатов анализов
4 months ago 04:41:13 2
50 Best of Classical Music
5 months ago 00:00:36 2
10AGE, НАРОДНЫЙ СТИЛЬ - Полем ““““ ТРА -та-таАА“““
5 months ago 00:31:54 11
Beethoven: Symphony No. 5 | Orquesta Reino de Aragón
5 months ago 00:03:47 2
Luna Santa - Bendita Tierra (Video Oficial)
6 months ago 00:01:49 14
Русская Озвучка | «Та-та-та!» Кли (Пиро) | Genshin Impact
7 months ago 00:03:07 763
[Bakr] Bakr & Бегиш | TYTYN (1080p)
7 months ago 00:00:00 18
Анна Виленская — Это не баян, это классика! Классическая музыка, которая превратилась в мем
8 months ago 00:25:53 2
31-Wei-to-go-bound-for-TataA
10 months ago 00:00:46 1
Ак-Босого айылы / Алай району
11 months ago 00:08:48 1
Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңештердин катчылары менен жолугушту
1 year ago 01:13:12 1
Uudenvuoden 2023 viihdemaraton (live)
1 year ago 00:25:04 1
Тарыхтын татаал ашуулары: Тарыхый бурулуш. 2010-жыл
1 year ago 00:13:34 378
Далай булактын көзүн ачкан. Улуу устат Улукмырза Полотовдун видеомаеги