Далай булактын кзн ачкан. Улуу устат Улукмырза Полотовдун видеомаеги
Белгилүү ырчы Улукмырза Полотов өзүнүн эмгек жолунда жүздөгөн аткаруучуларды тарбиялап өстүрдү. 80 жаштагы профессор азыр да устаттыгын улантып келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин эл артисти менен маек курду.
Айылда обон созуп чоңойгон Улукмырза Полотов борбор калаага келип, атасынын каалоосу менен юридикалык факультетке тапшырган. Бирок ага өтпөй калганда музыкалык училищенин босогосун аттаган. Таланты бар студент кийин Фрунзедеги Искусство институтун бүтүрүп, узак убакыт Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти болуп иштеген. 1983-жылдан баштап филармониянын алдындагы студияда, Искусство институтунда, консерваторияда эмгектенип, кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызын өстүргөн.
Алардын арасында Апаз Жайнаков, Роза Аманова, Алина Жетигенова, Чолпон Алсеитова, Малик Аликеев, Анапия, Лира, Дилбар Райымбековалар, Кенже Кубатова, Токтобек Асаналиев, Динара Акулова, Сыймык Бейшекеев, Элмира Кайып кызы, Мурадил Сагыналиев, Кундуз Таштаналиева, Толкун Ибраимова, Жеңишбек Ысманов бар.
III даражадагы Манас орденинин кавалери шакирт тарбиялоо өтө татаал иш экенин айтат.
“Филармонияда 40 жылдай иштеп, анын алдындагы студияда шакирттерди өстүрдүм. Шакирт тарбиялоо өтө татаал иш. Кудай жакшы көргөн кишисине талант берет экен. Мага келген балдар ырдаса эле анын үнү кайсы жанрга жакын экенин, ал кандай чыгармаларды аткарса туура болорун билип коём. Ар бир эле адамды бакыртып ырдатып коюу мүмкүн эмес. Жакшы ырчыны тарбиялоо узак убакытты талап кылат. Аларды мактап, “чыгармачылыктын чеги жок, дайым изденүүнүн, өсүштүн үстүндө болгула“ деп айтып турам. Кудайга шүгүр, менин колумдан өткөн балдардын айрымдары азыр Европага чейин барып ырдап жүрүшөт“, — деди Полотов.
Профессор азыркыга чейин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип, шакирттерди тарбиялап келет.
25 views
138
27
12 months ago 00:13:34 144
Далай булактын көзүн ачкан. Улуу устат Улукмырза Полотовдун видеомаеги