ШАМАЛДАН ЖАБЫР ТАРТЫП, ЧАТЫРЫ ЖОК КАЛГАНДАРГА КИМ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Баарынан кызыгы башыбызды кырсык басканда гана камсыздандыруу деген мекеме бар экени эсибизге түшөт. Кечээ эле жүз берген шамал 150дөн ашык курулушка зыянын тийгизди. Анын көпчүлүгү жеке турак жайлар. Зыян тарткан үй ээлери эми кантип калыбына келтирем, кимден жардам болот деп айласы кетип отурушат. Убагында камсыздандырып койгондо, бүгүн калыбына келтирүү анын эмес, камсыздандыруу мекемесинин баш оорусу болмок эле. 2015-жылы Кыргызстанда Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан бери үйлөрүн камсыздагандар аран 11 пайызга жетти. Тактап айтсак бир миллионго жакын үй расмий каттоодон өтсө, анын ичинен 137 миңге жакыны гана камсыздандырылган. Кырсык кайдан, кантип болору белгисиз, андыктан өмүр бою мээнет кылып тапкан үйүңүздү, унааңызды, керек болсо ден соолугуңузду да камсыздандырып койсоңуз, сиз озүңүздүн коопсузугуңузду кепилдеген болот элениз. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар
Back to Top