ДЭР, ЛЭРде украин аскерлеринин православ чирклрн аткылаганы арбыды

Украинанын Куралдуу күчтөрү Украинадагы эле эмес, Донбасстагы православиени алсыратып жок кылууга аракет жасоодо. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы Донецк Эл Республикасынын, Луганск Эл Республикасынын аймагындагы бузулуп-талкаланган чиркөөлөр боюнча видеосюжетти жайгаштырды. Алар атайын аскердик операция башталгандан кийин тартылган. Буга чейин чагымчылар Ивано-Франковскидеги канондук храмга кол салган видео тараган. Анда жетимишке чукул киши кирип келип, Украинанын Ивано-Франковскидеги православдык чиркөөнүн канондук храмындагы сыйынууну үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган.
Back to Top