Караколго КМШнын маданий борбору макамынын ыйгарылышына арналган концерт башталды
Каракол шаарына КМШ мамлекеттеринин маданий борбору макамынын ыйгарылышына байланыштуу расмий азем башталды.
Ага катышуу үчүн президент Садыр Жапаров, Россия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкой келди.
Конокторго Кыргызстандын мыкты артисттеринин концерттик программасы тартууланат. Майрамдык маанайды КМШ өлкөлөрүнүн жаш музыканттары, престиждүү музыкалык сынактардын жеңүүчүлөрү, лауреаттары жана КМШ жаштар симфониялык оркестри тартуулашат.
РФ эл артисти Сергей Скрипка жетектеген Россиянын мамлекеттик симфониялык оркестри ойнойт. Салтанатка Түркмөнстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин жетекчиси Расул Кылычев жана эл аралык конкурстардын лауреаты Константин Науменко да катышат.
Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүп жатат.
115 views
871
325
2 years ago 00:00:50 132
Караколго КМШнын маданий борбору макамынын ыйгарылышына арналган концерт башталды