Бандиттик кылгандардын жанын суурабыз. Ташиевдин Сузакта сйлгн видеосу

Мамлекетте мындан ары тартип болот, бандиттик кылгандардын жанын сууруп алабыз. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу учурунда билдирди. Ал ушуга чейин өлкөдө ар ким каалаганын кылып, талап-тоноп, алганын алып, жулганын жулуп жүргөнүн белгиледи. “Мамлекеттен бир нерсе сурап жатабызбы, демек, өзүбүз да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Эмне үчүн мектеп, оорукана куруп бербейт, жолдорубуз талкаланган, пенсия, айлык көтөрүлбөйт? Мунун башкы себеби мамлекетте тартип жок, баары каалагандай талап-тоноп жүрүшкөн. Эми андай болбойт. Мамлекеттик кызматта иштеген кимдир бирөө казынага кол салса мыйзам чегинде колун чабабыз. Коррупция кыла турган болсо түрмөгө алып барып тыгабыз. Бандиттик кылып, элди коркутуп-үркүтүп, “мен кыйынмын“ деп төрт-беш баланы чогултуп жүрө турган болсо, мыйзам чегинде баарынын жанын сууруп, экинчи андай иштер менен алектенбей тургандай кылабыз. Мына ошондо мамлекетибизде тартип болот, өзүнүн жарандарына мээримдүүлүк менен карайт“, — деди Ташиев. Ошондой эле УКМК төрагасы өзү туулган Барпы айылында да бирөөнү коркуткан бандиттер чыга баштаганда эч аёосуз алып барып камаганын эскертти.
Back to Top