Sputnik Кыргызстандын чыгармачыл тобу Донецкиге барып, соңку жылдары ок жааган аймактын тургундарынын турмушунан кабар алып келди. Кайткан соң редактор Таалайбек Ороскулов ал жакта журналисттердин үрөйүн учурган учурларды айтып берген.
Украина бийлиги 2014-жылдын апрелинде Донецк жана Луганск эл республикаларына каршы аскердик операциясын баштаган. Аталган республикалар ошол жылы Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин көз карандысыздыгын жарыялашкан эле. Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси сегиз жыл бою Минскиде байланыш тобунун жолугушууларында тынымсыз талкууланып келген.