Түркия: кыргызстандык куткаруучулар урандыдан 19 сөөктү алып чыгышты
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын улам-улам зилзала болгон Кахраманмараш аймагындагы издөө иштери учурунда уранды алдынан 19 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кадрлардан куткаруучу адистерден тышкары үйрөтүлгөн иттердин уранды арасында кызмат өтөп жүргөнүн көрүүгө болот.
“Сөөктөрдү таңкы саат 4:50дө алып чыгышты. Издөө иштери 24 саат бою үзгүлтүксүз уланууда“, — деп айтылат билдирүүдө.
Алар Түркияга келген башка куткаруучулардын катарында зилзаланын кесепетин жоюу, адамдардын өмүрүн сактап калуу аракеттерин көрүүдө. Кыргызстандык куткаруучулар 67 адамдан турат, курамында фельдшерлер, психолог, кинологдор бар.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Соңку маалыматтарда 12 391 адам каза таап, 62 914 киши жаракат алганы айтылды.
80 views
489
135
3 months ago 00:01:54 126
БРИКСтин дүйнөлүк көпчүлүктүн башын бириктирген вазийпасы
1 year ago 00:06:18 216
Саламат Садыкова - Кыргыз жери (Анталия шаары 2019)
1 year ago 00:01:03 194
“Ынтымак“ командасы көкбөрү боюнча клубдар аралык дүйнө кубогун жеңип алды
1 year ago 00:00:57 160
Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты
2 years ago 00:01:01 185
Ашказанына кокаин “катып“ келген кыргызстандык аэропортто кармалды. Видео
2 years ago 00:00:52 88
Түркия: кыргызстандык куткаруучулар урандыдан 19 сөөктү алып чыгышты
2 years ago 00:00:19 200
Жоламан UWW версиясында жылдын мыкты балбаны наамына ат салышууда
2 years ago 00:06:24 1
Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамын дүйнө жүзүндөгү мекендештер белгилешти
6 years ago 00:00:53 1
Оштун мэри Түркиянын элчиси менен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады