Оштогу тамтыгы чыккан стадиондун оңдолгондон кийинки көрүнүшү
Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионго 62 жыл болду. Бул убакыт аралыгында жарытарлык оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес. Бирок быйыл май айында капиталдык ремонт иштери башталган.
Стадиондун инфраструктурасы толук жаңыртылып, 11,5 миң орундук алмаштырылды. Бийлик муну менен Азия футбол конфедерациясынын талаптарын аткарды. 31-августта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында мында спорттук иш-чаралар уюштурулат.
Реконструкцияга республикалык жана жергиликтүү бюджеттик эсептен 20 миллиондон ашык сом кетти. Видеодон көрүп баа бериңиз.
Бул аренада адатта Оштун “Алай” клубу оюндарды өткөрөт.
75 views
156
33
1 year ago 00:01:45 94
Оштогу тамтыгы чыккан стадиондун оңдолгондон кийинки көрүнүшү