Жер семирткич чыгарган “Кара арстан“ чымындары. Бишкектеги ишкердин видеосу
Кыргызстанда ишкерлер чымындан өсүмдүктөргө жер семирткич, жаныбарларга белок жана дары өндүрүп баштады. Бирок бул кадимки чымындар эмес...
Өлкөгө чымындын “Кара арстан“ деп аталган түрү Түштүк Америкадан алып келинген. Абдырашит Ибрагимов чымындын куртун бул жактан сатып алып көбөйткөн.
“Жер семирткичтин ичинде хитин, летин деген аминокислоталар бар. Сөөлжан өндүргөндөр биогумус болсо, чымындан чыкканы зоогумус деп аталат. Анын кубаттуулугу биогумуска караганда үч эсе жогору болот экен. Чымындарды үй жаныбарларына белок жана дары катары да беришет. Биз аларды ветеринардык дүкөндөргө коёлу деп жатабыз“, — деди Ибрагимов.
“Кара арстандын“ курту 30 күн, чымыны 14 күн жашайт экен. Чымын эки жумада 1000дей жумуртка таштайт.
Ишкерлер азырынча киреше түшө электигин, чымындан продукция жаңыдан өндүрүлүп, сатыкка чыгып жатканын билдирди.
11 views
1160
412
3 years ago 00:03:40 259
Колуңду кезебе, сындырып коём! Ташиев менен Мадумаровдун жаакташкан видеосу
3 years ago 00:01:29 84
Жер семирткич чыгарган “Кара арстан“ чымындары. Бишкектеги ишкердин видеосу
3 years ago 00:48:25 65
“СТИМУЛ Акимов: кара арстан чымыны инфекция алып жүрбөйт///
3 years ago 00:47:29 44
“КҮН БАШАТ“: Жазгы талаа иштери кандай жүрүүдө? ///
3 years ago 00:04:01 1
ТРК НТС - Күйүүчү май кымбаттап, жер семирткич тартыш болууда / / НТС