Ташиев элдин байлыгын басып жаткан байларды тартипке саларын айтты

УКМКнын төрагасы мурдагы башаламан заманда азыркы айрым байлар көп ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алып, коррупциялык жолдор менен менчиктештиришкенин белгилеген. “Булар элдин, силердин байлыгыңар. 5-10 киши миллиондогон адамдын байлыгын басып алып жүрөт. Алардын баарын кайтарыш керек. Мисалы, Жалал-Абаддагы үч чоң базаны кайтардык. Бирөөнүн жери 4 гектар экен, эми ал жакка 2 мектеп салабыз. Бирине ипотекага үй курабыз. Мунун баарын ээлеп алып, 30 жылдан бери бай болуп жүрүшкөн. Алар эле эмес элдин баары байышы керек“, — деген Ташиев.
Back to Top