Тар жол, тайгак кечүү... Кыргызстандын 31 жылда басып өткөн жолу видеодо

Бүгүн Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол кездеги жаш республиканын басып өткөн тарыхындагы урунттуу ирмемдерди сунуштайт. Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алып, өз алдынча эгемен мамлекет деп таанылган. Андан бери өлкөдө бир топ окуялар болуп, эл башкаргандар бир нече жолу алмашты. Кыргызстандыктар экономикалык каатчылыкты, адам өмүрүн алган Баткен окуясын, март, апрель, октябрь ыңкылаптарын башынан кечирди.
Back to Top