Малик Аликеев - Мөлмөлүм (Эркекче ырдалганы)

Сөзү: Барпы Алыкулов Обону: Барпы Алыкулов Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм, Бүгүн белгилүү болсун ыр менен. Эки илебиң - кызыл гүл, Ачылгандай, Мөлмөлүм. Бир карасам жүрөккө от, Чачылгандай, Мөлмөлүм. Маңдай чачың Маргалаң, Жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың баланын, Тилегиндей, Мөлмөлүм. Күйдүм, Мөлмөл аппагым, Ааламдан сендей таппадым. Издеп-издеп күн-түнү, Мөлмөлүм деп какшадым. Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан. Кадам койгон бутуңдан, аа, Калемпир мончок жытыңдан. Бетиме түшсө жамалың, Ашыглык отко жанамын. Боорукер болсоң колдоп ал, Боздоп ж&
Back to Top