сөзү,обону: Алтынбек Омаралиев
аткаруучу: Алтынбек Омаралиев
аранжировкасы: Акылбек Айтиев
Урматтуу угарман ыр жакса каналга катталып,ой-пикир калтырыңыз. #kyrgyzstan #rossia #автор #музыка #жаңыырлар #кыргызчаырлар #лирическаяпесня #алтынбек омаралиев
Текст
Куплет:
Көрүп калдым көчөдөн,
Тааныштык биз капыстан,
Тартып алдың мени өзүңө бейтааныш,
Сени өзүмө тандадым,
Бирок айта албадым,
Башкалардан өзгөчөсүн бейтааныш.
Кайрыма:
Жактырып мен ашык болдум өзүңө,
Бир жылмайып карап койчу көзүмө,
Жашырбаймын сага болгон сүйүүмдү,
Башкалардан кызганамын өзүңдү.
Куплет:
Ак жүзүңө суктанам,
Сени көрсөм кубанам,
Гулдөн сулуу гүлүм болчу бейтааныш,
Айга күнгө теңедим,
Сендейди мен көрбөдүм,
Аялзаттын асылысын бейтааныш.
Кайрыма:
Жактырып мен ашык болдум өзүңө,
Бир жылмайып карап койчу көзүмө,
Жашырбаймын сага болгон сүйүүмдү,
Башкалардан кызганамын өзүңдү.
Сүйлөө иретинде:
Көрбөй калсам көздөрүңдү сагынамын,
Жолукканда сөз айтуудан тартынамын,
Асмандагы ак-куу сымал элестетип,
Айтар сөздү ошол замат унутамын.