Депутат: жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 киши пробация менен чыгыптыр
Эки жылга жетпеген убакытта жашы жетек элек кыздарды зордуктаган 88 адам пробациялык мөөнөт менен абактан чыгып кетиптир. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте билдирди.
Ал мындай маалыматты Жогорку сот менен Пробация департаментинен расмий түрдө алганын белгиледи.
“2022-жылдан бери жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 адам пробациялык мөөнөт менен абактан бошонуп кетиптир. Бул эки жылга жетпеген убакыттын ичинде эле катталган окуялар. Алар секелектерди зордуктап, абактан тез эле чыгып кетет экен. Азыр бир фактыны айтсам үрөйүңөр учат. Бирөө пробациялык мөөнөт менен чыккандан кийин жабырлануучу кызга кайра барып, экинчи ирет зордуктаптыр. Анан анын боюна бүтүп калган. Мына, соттор ушундайларды пробация менен бошотуп жатат“, — деди Акаев.
Ошондой эле ал буга чейин Элвира Сурабалдиева башында турган депутаттар иштеп чыккан зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөнүн белгиледи. Ошондуктан аны тез арада экинчи-үчүнчү окуудан өткөрүп кабыл алууга чакырды.
64 views
148
31
7 months ago 00:43:38 29
“КҮН БАШАТ”: Электромобилдерге жашыл номер, ал эми анын ээлерине жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамы кабыл алынды
1 year ago 00:01:10 111
Депутат: жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 киши пробация менен чыгыптыр
2 years ago 00:00:35 570
Талкуу жараткан сүрөт: депутат абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды
2 years ago 00:01:06 135
Бишкектик депутат ДЭР жана ЛЭР активисттерин Кыргызстанга чакырды
6 years ago 00:07:35 6
Көзгө жаш аласың Депутат парламент трибунансынан мигранттарга арнаган ырын окуп берди