Жаш болуп турганда бири-бириңди жакшы көрүп, сый-урмат, сүйүү деген нерсе болот. Ошого бөлөнүш керек. Учуру келет балага байланасың. Андан кийин кайра бири-бириңерге байланып каласыңар. Ошону менен бир туугандай болуп калат экенсиң да. Ошон үчүн ал менин бир тууганымдай, эжемдей, жадагалса энемдей болуп калган. Мисалы, энемен көрө элекмин ал мээримди. Анткени алыста. Айылда. Башка балдарына мээрим берип жатат. Бирок мен чоң адам болсом деле кээде мээримге муктаж болом. Анткени биз деле бала болгонбуз да. Мени бала кезимдеги энемдей болуп чекемен сылап... Чарчап калган кезде духтан берет. Ойгоносуң го ошол жерден. Туруп алып иш издегиң келет. Мелдештерден утулуп келгенде “сынып калбай улант” деп дайыма дем берген ошол киши.