Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарын карап Россия Кыргызстандан эң көп сатып алган жети товардын рейтингин түздүк
Жетинчи орунда пахта турат. Январдан майдын аягына чейин Кыргызстандан Россияга 11,9 миллион долларлык пахта экспорттолгон
Алтынчы орунду жашылча ээлейт. Россиялыктар беш айда 12 миллион долларга жашылча сатып алган
Бешинчи орунда кийим-кече турат, анын экспорту январь-май айларынын аралыгында 13 миллион долларды түзгөн
Төртүнчү орунда механикалык түзмөктөр (кыймылдаткыч, от казан, насос): мындай товарлардын баасы 13 миллиондон ашкан
Үчүнчү орунга 21 миллион доллар менен автоунаа жана транспорт тетиктери чыккан
Экинчи катарды жез жана жез буюмдары ээледи, россиялыктар бул үчүн 38 миллион доллар короткон
Сап башына трикотаж чыкты. Январь-май айлар аралыгында бул үчүн Россия 51 миллиондон ашык доллар сарптаган
171 view
71
27
3 months ago 00:01:06 424
Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бирдиктүү командасын жиберди
4 months ago 00:00:57 172
Россия Кыргызстандан кандай товарларды сатып алат?
1 year ago 00:00:56 86
Кыргызстанда “Кант“ авиабазасы кандайча иштей баштаган? Видеоинфографика
2 years ago 00:00:29 111
Россиянын вице-премьери Кыргызстандан чыккан лифтке баа берди
2 years ago 00:01:14 137
Бишкектеги жарым марафон кандай өтүүдө. Дрондон тартылган видео