7 жашар кыздын сзнн кийин атасын камадык

Жети жашар кызга өгөй атасы ыплас аракеттерди жасаган. Орусча “развратные действия без проникновения” деп коёбуз. Муну далилдеш аябай оор. Соттук-медициналык экспертиза мындайда эч нерсе көрсөтө албайт. Башка далил жок, ыплас аракеттерди жасаганына күбөлөр болбойт. Ошондой учурда бала энесине айтып берсе биз чоңдор кичинекей балага ишенбейт экенбиз да. Бүт система кичинекей балага ишенбейт экен. Мен дагы шек санадым. Баланын өзүнүн фантазиясыбы же ошондой болдубу деп ойлойсуң, далил жок болсо. Анан кыз менен үч күн маек куруп ошондо көп нерсени түшүндүм. Ал энесине бул окуяны бир жылдан кийин айтып берген экен. Кыз менен сүйлөшкөндө көп нерсени айтып берди, эң негизгиси: “атам сийип салды, бутум ысып кетти”, - деген сөзүнө баа бердим. Себеби, бала өзү көрбөсө мындай нерселерди айта алмак эмес. Ал киши жети жылга эркинен ажыратылды, муну мага далилдөөгө 1,5 жыл кетти.
Back to Top