Акылай Исмаилова
«МЕН КЫРГЫЗМЫН»
созу: И.Исаков
обону: Ж.Сыдыков
Мен кыргызмын кылыч мизде ойногон,
Кылымдардын улуу жигин бойлогон.
Өмүр өчүп, кайра тирчилик башлат,
Өттү далай кыйын кезең ондогон.
Мен Кыргызмын.!
Комузун чертип сайраткан,
Жоргосун токуп камдаткан.
Кыздары да кымыз сунушу,
Беш бармагын, даамын жайнаткан.
Ээ,эй, мен кыргызмын.
Мен кыргызмын барган тоосу калбаган,
Азаттык деп, азап туусун кармаган.
Кызсайкалдар кыргын жолун торосо,
Айчүрөктөр гүл азыгын камдаган.
Мен кыргызмын!
Беттегени оюн бербеген,
Береке да куту эл менен.
Кыздары да назик чырайлуу,
Пейили да кенен көл белең
Ээ,эй мен кыргызмын.
Мен кыргызмын тулпар минип ойногон,
Мекен сүйүп, мейкин камын ойлогон.
Кереметтүү кең пейилдүү элимдин,
Келечегин ойлоп күндө толгоном.
Мен кыргызмын.
1 view
427
122
8 months ago 00:00:14 1
Ислам Халилов жооп берди, Мен Кыргызмын
1 year ago 00:03:21 1
Мен Кыргызмын / Акылай Исмаилова
5 years ago 00:03:48 5
Данияр Эрматов - Кыргызмын мен / Жаны ыр 2019
10 years ago 01:44:09 9
’ Аят 2 ’ - 2012 кыргызский фильм мен-кыргызмын.рф