Бишкекте Кыргызстан менен Россия элдеринин достугун колдогон митинг тд

Бишкекте Кыргызстан менен Россия элдеринин достугун колдогон митинг өтүүдө Иш-чара бүгүн, 22-мартта, саат 14:00дө Максим Горький атындагы паркта башталды. Уюштуруучулардын айтымында, митингде коомдук ишмерлер, ардагерлер жана Ленинград блокадачылар коомунун өкүлдөрү сөз сүйлөп, иш-чара концерт менен коштолот. Буга чейин Россияны колдогон ушул сыяктуу иш-чаралар Бишкекте, Ош шаарында өткөн.
Back to Top