Иш-чарага депутаттар, аткаминерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Президент Садыр Жапаров кыргыз дипломатиясы байыртадан бери элдин тарыхы менен эриш-аркак келе жатканын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты.
“Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен“, — деген ал өз сөзүндө.
Анын айтымында, дипломатиялык кызматтын өнүгүшүнүн кийинки этабы өлкөнүн эгемендикке ээ болушу менен уланган.
“Кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамиле түздү. Ошондой эле өлкөбүз 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүү боюнча иш алып барууда“, — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, учурда 100дөн ашуун мамлекетте Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү, Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчилик жана эл аралык уюмдар бар.
232 views
53
26
1 month ago 00:00:00 1
Рогозин Григорий Васильевич.
2 months ago 00:00:00 1
Савхоз Ала- Тоо. 2 место. Более реальное.
2 months ago 00:00:00 1
Совхоз Ала- Тоо. Место установки водяного насоса Гидротаран Рогозина . 1 место.
2 months ago 00:01:12 1
Водяные насосы Гидротаран Рогозина!
3 months ago 00:01:09 1
Работа ГТ 200 на пойменной реке
3 months ago 00:00:00 1
Последняя цена на водяной насос Гидротаран Рогозина ГТ- 430.
4 months ago 00:01:25 1
Последняя цена на водяной насос Гидротаран Рогозина ГТ- 270.
4 months ago 00:01:57 1
Последняя цена на водяной насос Гидротаран Рогозина ГТ- 300.
5 months ago 00:29:46 1
Ключевые события в Центральной Азии в 2024 году и прогноз на 2025 год
5 months ago 00:00:22 3
Ёлка в Бишкеке 2025 #новыйгод #ёлки #кыргызстан
7 months ago 00:02:04 1
Изготовление водяного насоса Гидротаран Рогозина ГТ -400 новая модель.
7 months ago 00:03:16 1
Разыскиваемый в России кыргызстанец задержан в Бишкеке
7 months ago 00:05:00 1
Обзор Toyota Highlander 2.0 бензин . Китайская сборка. ТПО Киргизия.
7 months ago 00:12:45 1
второй день в Бишкеке, исследуем природу Кыргызстана (каньоны Конорчек, озеро Иссык-Куль)
7 months ago 00:01:00 1
Кашка- Суу. Запуск и настройка водяного насоса Гидротаран ГТ 2000
7 months ago 00:02:57 1
Джеты- Огуз. Будущее место установки водяного насоса Гидротаран ГТ- 170.