Акылбек Жапаров: дйнлк цивилизация Батыштан Чыгышты кздй жыла баштады

Дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй жыла баштады. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразия экономикалык форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. “Дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй багыт ала баштады. Негизги экономикалык салмак акырындык менен Азия континентине жайгашууда. Европага терезе жабылса, Азиянын эшигин ачабыз. Биздин бирикме өзүнүн көзөмөлдөөчү позициясына өтчү мезгил келди“, — деди Жапаров. Ошондой эле ал азыркыдай кризис, өзгөрүүлөр учурунда интеграциялык процесстер өтө маанилүү экенин айтты. “Биргелешип иштешүү жолу менен гана ийгиликтер жаралып келе жатат. ЕАЭБ акырындык менен саясий биримдикке өтүп кете турган экономикалык биримдиктин модели болуп калышы керек. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында биримдиктин ИДПсы 4,5 пайызга өстү“, — деди өкмөт башчы.
Back to Top