Атайын операцияда иштеп жаткан Солнцепектун видеосу
Россиялык аскерлер “Солнцепёк“ оор огнемёттук тутумунун согуш талаасында кантип иштегендигин көрсөттү.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кубаттуу куралдын видеосун жарыялады.
Маалыматта оор огнемёттук системанын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бекемдеп алган жайларын жок кылып жаткан учуру тартылганы айтылган.
Бутаны тактап алуу пилотсуз учуучу техникалардын жана жаңы программалык системаларды колдонуу менен ишке ашырылып жатканын да кошумчалашкан.
ТОС-1А “Солнцепёктун“ соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы 3 000 градуска чыгып 200 килограммдык снаряд келип тийген жерин соо калтырбайт. Адистер мындай ысыктан болот калканычтар да эрип түшөрүн айтышкан.
61 view
452
153
8 months ago 00:00:22 93
Москвада атайын операцияда олжолонгон техникалардын көргөзмөсү ачылат
2 years ago 00:01:06 74
Атайын операцияда иштеп жаткан “Солнцепектун“ видеосу
3 years ago 00:00:42 91
Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди.