Сингапур, Франциядан келишкен. Чуңкурчакта 15 өлкөнүн жаачылары жарышкан видео
Чуңкурчак жайлоосунда жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш башталды. Ага катышууга келген 15 өлкөнүн спортчулары бүгүн салтанаттуу параддан өтүштү.
Жаачылардын турнири былтыр алгач ирет өтүп, 12 мамлекеттен келишкен. Быйыл Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Монголия, Россия (Башкыртстан), Венгрия, АКШ, Чехия, Германия, Франция, Индия, Испания жана Индонезиянын жаачылары күч сынашууда. Жалпысынан 120 спортчу эркектер, кыз-келиндер категорияларына бөлүнүп, жөө жана атчан жаа атып жарышууда.
Франция жана Германиядан жаачылар мелдештин шылтоосу менен Кыргызстанга биринчи ирет келип жатканын айтышты. Ал эми сингапурлук жубайлар Ахмад менен Назима Ала-Тоонун босогосун экинчи ирет аттап жатышат. Алгачкы жолу 2018-жылы Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан.
“Бул жактын тамагы абдан даамдуу экен, ошондой эле жаратылыштын кооздугу жана элдин меймандостугу өтө жакты. Мелдеште көп жана күчтүү катышуучулар бар. Өзгөчө кыргыз, казак, өзбек, түрк жаачыларын айтсак болот. Көрөбүз, бирок эң маанилүүсү, оюндан ырахат алып кеткенибиз“, — деди жубайлар.
Жаачылардын мелдеши үч күнгө созулуп, 31-августта байге ээлери аныкталат. Аны Байтик баатырдын 200 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата Салбуурун федерациясы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция менен биргеликте уюштурууда.