Бишкекте “Орус сахнасынын тандалган образдары“ аттуу көргөзмө ачылды.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Орус сахнасынын тандалган образдары“ аттуу көргөзмө ачылды.
Анда Александра театрынын XIX-XX кылымдагы легендарлуу спектаклдериндеги көшөгөлөр менен декорациялык жасалгалардын эскиздеринин санариптик көчүрмөлөрү коюлган.
Жалпысынан көрүүчүлөрдүн назарына 30га жакын экспонат коюлган.
Драма театрдын директору Асылбек Өзүбеков: “Ошол жылдарда эле биздин азыркы көшөгөлөрдөгү оюулардын болгондугуна таң калып жатам“, — деди.
Россия театрынын директору Сергей Емельянов экпонаттар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
“Бул жерге дээрлик отузга жакын экспонат коюлду, булар 300 жылдык тарыхы бар Александра театрынын спектаклдеринин эң белгилүү көркөм образдары“, — деди Емельянов.
Көргөзмөнүн ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев жана башкалар катышты.
Быйыл экспозиция европалык эки өлкөдө дагы тартууланды.
103 views
255
70
3 years ago 00:04:13 2
“Кандай гана бактылуумун“. Филипп Киркоров кыргыздардын тосуп алганына ыраазы болду
3 years ago 00:11:59 4
Жаңылыктар | | Казакстан: Ондогон адам өлдү, орус аскерлери келди
6 years ago 00:05:10 7
28 МАРТ ЖАНЫЛЫКТАРДЫН ТОПТОМУ/ ПУТИНДИН УЧУП КЕЛИШИ