Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү машиналарды тапшырды
Бүгүн, 1-мартта, Бишкекте Россиядан чыгарылган 40 өрт өчүрүүчү автоцистернаны тапшыруу салтанаты өттү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда жыл сайын 200дөн ашык түрдүү өзгөчө кырдаал жана 4 миңден ашык өрт кырсыгы катталарын белгиледи. Материалдык чыгым 4 миллиард сомдон ашат.
Цитата
“Мынча сандагы заманбап техниканын келиши менен ӨКМдин өрт өчүрүүчү машиналарынын паркын толугу менен жаңыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми сиздердин ишиңиздер кыйла жеңилдей турганына ишенебиз“, — деди Жапаров ӨКМ кызматкерлерине кайрылып жатып.
Россия ӨКМинин жетекчиси Александр Куренков кызматташуу үчүн ар дайым ачык экенин жана боордош Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө кызыкдарлыгын белгилеген.
“Биз кесиптештерибизге 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерна тапшырып жатабыз. Бул уникалдуу автомобилдер Россиядан чыгарылган жана заманбап жабдыктар менен жабдылган. Биз аларды чыныгы кесипкөйлөрдүн колуна тапшырып жатабыз“, — деди Куренков.
РФ президенттик администрациясынын аймактар аралык жана маданий байланыш боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Масловдун айтымында, бул машиналар КР ӨКМинин буйрутмасы менен КамАЗдын базасында даярдалган. Техника айыл жергелеринде, тоолуу аймактарда иштөөгө ылайыкталган.
“Россиядагы өрт өчүрүүчү техникалар 3 же 4 тонналык цистерна менен жабдылган. Булар болсо 6 тонналыктар. ӨКМдин өрт өчүрүүчү машиналары саатына 30 чакырым жүрсө, бул машиналардын ылдамдыгы саатына 90 чакырымды түзөт. Ошондо өрт чыккан жерлерге 3 эсе эрте келе алат“, — деди Маслов.
177 views
322
68
10 months ago 00:00:41 1
Денежные переводы вместе с Tinkoff и MBANK – это легко и просто!
1 year ago 00:02:43 1
мейби пёрпл - lofaminus (opiumbird)
2 years ago 00:13:57 26
ТОП АВТО ИЗ КИТАЯ. ЦЕНЫ РУХНУЛИ
2 years ago 00:07:22 5
Выгрузка Авто из Китая . VOYAH. . Утиль сбор .
2 years ago 00:07:59 13
Авто из Китая . Новый утиль в России. Бюджетные автомобили
2 years ago 00:10:38 1
АВТО.СПЕЦТЕХНИКА ИЗ КИТАЯ. РАСТАМОЖКА АВТО В БИШКЕКЕ.ZEEKR
2 years ago 00:11:22 5
ZEEKR X 4WD 4-5МЕСТ Реальная цена под заказ. Авто из Китая. ZEEKR 001. через Киргизию .
2 years ago 00:13:46 3
Эко-фестиваль в Омске: дома, добывающие биткоины; электромобили; вторичная переработка мусора
2 years ago 00:27:55 1
Зарядные станции ABB: большое интервью
2 years ago 00:09:23 1
Встреча клуба электромобилистов: катаем всех на Zeekr и Tesla Plaid
2 years ago 00:09:07 4
“Кыргызстан, Германия, Россия 3 үйүм бар” ырчы кыз Майя кыргызстанга суктангандар көп дейт
2 years ago 00:08:36 5
СВХ Бишкека: HiPhi, Tesla, BYD, VW и многие другие!
2 years ago 00:00:35 11
Утильсбор: что известно сейчас про новые правила ввоза электромобилей.
2 years ago 00:09:12 7
Toyota Prius Prime - электромобиль 😯? Запас хода на одном заряде Prius PHV
2 years ago 00:02:41 1
BYD SONG Plus - найдём 10 отличий
2 years ago 00:01:14 19
Врываемся в Сибирь с электромобилями!
2 years ago 00:06:22 10
Эксперт - о зарядке электрокара: все нюансы в одном интервью!
2 years ago 00:01:39 9
ZEEKR
2 years ago 00:10:21 9
Обзор авторынка Бишкека, гибридов - МОРЕ!
2 years ago 00:03:18 1
Список документов для оформления авто из Китая
6 years ago 00:05:10 7
28 МАРТ ЖАНЫЛЫКТАРДЫН ТОПТОМУ/ ПУТИНДИН УЧУП КЕЛИШИ
6 years ago 00:02:47 10
РОССИЯ 125 АСКЕР ТЕХНИКАСЫН КЫРГЫЗСТАНГА ТАПШЫРДЫ. NewTV
6 years ago 00:03:38 1
Россия Кыргызстанга 125 даана аскердик-инженердик техника берди / / НТС
7 years ago 00:01:10 11
Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган