Сабаты тмн. Убактылуу министр медиктерге акча берген элге кине койду

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков медиктерге акча берген элге кине койду. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ооруканада дарыгерлер кеңеш бергени жана башка кызматы үчүн колуна акча берүүнү талап кыларын айтып, көйгөйдү чечүү планын сурады. Цитата “Элдин саламаттыкты сактоо жагында сабаты төмөн болуп жатат. Эгерде акча талап кылып “мага калтырып койчу“ десе бербегиле. “Прайс баракчаны көрсөткүлө, касса кана?“ деп өзүңөрдүн мыйзамдуу укуктарыңарды талап кылып көнгүлө. Анан эмненин негизинде акча талап кылып жатканын сураңыздар. Эгерде опузаласа арыз жазыңыз, жетекчилигине кайрылыңыз, дароо реакция кылат“, — деди Касымбеков. Андан соң журналист баары эле антип талап кыла албастыгын, мындай учурда бейтапты карабай коюшу мүмкүндүгүн айтты. Себеби анын артында кезек күткөндөр көп болот. Андыктан системдүү түрдө маселени чечүү жолун сурады. “Бул комплекстүү көйгөй. Ал үчүн айлыкты көтөрүп, шарттарын жакшыртып, талап кылышыбыз керек. “Эл кандай болсо депутаты ошондой“ дегендей, эл кандай болсо дарыгерлер да ошондой болуп жатат. Дарыгерлердин деңгээлин көтөрүшүбүз зарыл. Деонтология, дарыгердик этика боюнча сабактар өтүлбөй калыптыр. Ушуну жер-жерлерде жандандыралы деп жатабыз. Азыркы деңгээли чеке жылытарлык эмес. Ушул жагынан комплекстүү иштерди жасасак, бара-бара чечилет“, — деди министрдин милдетин аткаруучу. Ошондой эле ал 30 жылдагы көйгөйдү 30 күндө чечүү мүмкүн эместигин кошумчалады.
Back to Top