Акыйкат сөздөн катылайынбы?
- Атпегин дейсиң...жашырайынбы?
Күн санап эски сезимим оттой,
Күчөсө кантем...басылайынбы? !
Сызылбай ичтен...батынайынбы?
Сырымды айтып, ачылайынбы?
Сен турмуш куруп кеткенден бери,
Буулугуп журом! Бакырайынбы? !
Арманда күйүп кошо турайынбы?
Азапка сүйүүм достоштурайынбы?
Баркына жетип же бир сүйө албай,
Башканы өзүмө окшоштурайынбы? !
Кыргызча ырлар