Жанын берип ойногон шылдыракчы Кадырбек Мураталиев
Өлкөгө шылдыракчы катары таанылган Кадырбек Мураталиев Токтогул элдик театрында эмгектенет. Ал Токтогулда жашап, таланты менен борборго таанылган өнөрпоз.
Кадырбек Мураталиев көрөрманды шылдыракта ойноодогу өзгөчөлүгү, аткаруу чеберчилиги менен өзүнө тартат. Аккордеончу Коңурбай Айдаров менен бирге көп жылдардан бери республиканын булуң-бурчуна чакырылып, элдин жакшылыгына кызмат кылып келет. Ал эмес Алматыга чейин чакыруулар түшөт.
Кадырбек Мураталиев таланттуу үй-бүлөдөн чыккан. Апасы да жакшы ырдачу. Атасы Текебай Мураталиев айтылуу “Сүйүүнүн күчү керемет“ деген белгилүү ырдын автору. Өмүр бою Токтогул элдик театрында иштеп, Асанкалый Керимбаевдин, Шахра Талипованын жана Темирлан Сманбековдун алгачкы устаты болгон.
Маданияттын мыкты кызматкери Кадырбек Мураталиев Токтогул элдик театрына 40 жылдан ашык өмүрүн арнап иштеп келет. Эки уулдун атасы. Жубайы Турсункан Мураталиева да маданият кызматкери.
503 views
387
101
1 year ago 11:17:33 2
ЖАНЫҢА ТЫНЫШТЫҚ БЕРІП ҚҰРАН ТЫҢДАҢЫЗ | Құран сүрелерін тыңдау | Сүрелер тыңдау | Коран