22:1! Кыргызстан Малайзиянын хоккейчилерин да ири эсеп менен жеди
Бишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Кыргызстандын командасы Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен утуп алды.
Мелдеш кечээ кечинде шаардык муз аянтында өттү. Командалар 20 мүнөттөн үч жолу ойногон. Анын жүрүшүндө малайзиялыктар дарбазага бир гана топ киргизе алган. Натыйжада Кыргызстан ири эсеп менен жеңүүчү болду.
Улуттук курама команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен утуп алган. Эми Кыргызстан 7-мартта Сингапур менен, ал эми 8-мартта Кувейт менен күч сынашат.
Турнир 8-мартка чейин созулат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров менен Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф катышкан.
5 views
4595
1480
20 hours ago 00:01:15 1
[Настоящее Время] ЕАЭС против очередей на киргизско-казахской границе – 0:1
1 day ago 00:02:05 1
[NTDRussian] Как делают ширдаки, показали на фестивале ковров в Кыргызстане
2 days ago 00:08:42 719
Выступление Силины Макоевой на Первенстве Мира по мас-рестлингу 2024 (Бишкек, Кыргызстан)
2 days ago 09:07:02 3.7K
XXVIII Международный конкурс молодых исполнителей Русского романса «Романсиада»
2 days ago 00:24:59 3.3K
Путин и Токаев договорились?! Россия и Казахстан: Новая эра в энергетике?
4 days ago 00:11:52 2.3K
РАСПАД УКРАИНЫ АНГЛОСАКСЫ ВСЕ РЕШИЛИ⚔️🎖Военные Сводки и Политика
4 days ago 00:12:26 1.4K
[Первый национальный канал Белорусского радио] 🔥🔥🔥Как Лукашенко с Путиным по поводу размещения “Орешника“ в Беларуси шутил!!!“🔥🔥