Атым 200 ми долларга да берилбейт! Убагында араба тртп иштеген саяпкердин маеги

Каримбек Кадыркулов күлүк, жорго таптоо менен алектенет. Өзүнүн айылында “саяпкер“ деген атка конуп, асыл тукум жылкыларды багып келет. Ал бул жолкусунда Sputnik маалымат агенттигинин тартуучу тобун сарайына чакырып, андагы сүйүктүү аттары менен тааныштырды. Саяпкердин айтымында, ал аттары менен күн сайын беш мүнөттөн сүйлөшүп турат. “Айрыкча улак оюну алдында сен мыктысың, буюрса, улакта өзүңдү көрсөтөсүң деп дух берип турам. Аттарды урганга болбойт. Эгер себепсиз уруп койсоң баары бир бир күнү өчүн алат“, — деди ал. Ал ошондой эле аттары таза кандуу, сейрек түстүү, жалы аз, буту жоон, моюн омурткасы узун болуп, башында көп эти жоктугу менен айырмаланарын кошумчалады. Каримбек Кадыркулов аттарынан сырткары жеке жашоосу тууралуу да айтып өттү. Ал мектепти аяктап, шаарга жаңы келгенде “Ош“ базарда араба түртүп иштеп, эки бөлкө нанга бактылуу болгон күндөрүн эскерди.
Back to Top