Байкоур космодромунун тарыхын баяндаган видео

СССРдин өкмөтү мындан 69 жыл мурда Казакстандын Байкоңур айылынын жанында космодром куруу чечимин кабыл алган. 1975-жылы 5-майда полигондун старт ала турган тунгуч комплекси ишке кирген. 1957-жылдын 15-майында континент аралык баллистикалык Р-7 ракетасы, 1957-жылдын 4-октябрында Жердин алгачкы жасалма жандоочусу учурулган. Адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине биринчилерден болуп чыккан Юрий Гагарин да бизге кошуна турган Байкоңурдан көтөрүлгөн. ...1994-жылы, Советтик социалисттик республикалар союзу (СССР) урагандан кийин, Казакстан Байкоңурду Россияга 20 жылга киреге берген. 2004-жылы президенттер Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев космодромдун ижара акысын 2050-жылга чейин узарткан келишимге кол койгон.
Back to Top