Бишкекте лбс полк жрш чо салтанат менен аяктады

Бишкекте “Өлбөс полк“ жүрүшү соңуна чыкты. Акциянын катышуучулары Дайыр Асанов атындагы парктан баштап “Жеңиш“ аянтындагы “Өчпөс отко“ чейин басып келишти. 20 миңдей адам колдоруна согушка катышкан, оорукта эмгектенген ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан. Жакын арада Бишкектин чок ортосунда масштабдуу “Жеңиш вальсы“ акциясы жана майрамдык концерт өтөт. Эске салсак, акыркы эки жылдан бери “Өлбөс полк“ жүрүшү Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдан улам онлайн-форматта уюштурулуп келген. Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата кадимки тартипте өтүүдө.
Back to Top