Белгисиз маршрут (2008) кыргыз киносу толугу менен
21 жүргүнчүсү бар айылдык автобус туман каптап турганда Келечек айылын көздөй алыс жолго чыгат. Күлкү менен ый, уруш-талаш менен жалпы кубаныч коштогон жөнөкөй эле сапар бир чоң окуяга айланат. Жүргүнчүлөр арасындагы чатактан улам айдоочу башкарууну жоготуп, автобус жар бооруна асылып калат. Ызы-чууга түшкөн жүргүнчүлөрдү Үмүт аттуу жигит ынтымакка чакырып, автобусту бирге түртүп чыгарууну сунуштайт. Өзү болсо түн ичинде от жандырып, автобустун алдына чыгып айдоочуга жол көрсөтүп берет.