Тазабек Икрамов президенттин кортежи унаа тыгынын жаратып жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттин кортежи эл жумушка келип кеткенден кийин жүрүүсүн сунуштады. Эл өкүлү бүгүнкү күнү эң негизги маселе унаа тыгыны экенин айтып, ал кортежден улам жаралып жатканын белгиледи. “Ушул маселени жайгарсак жакшы болот эле. Эл жумушка келгенге чейин же эл жумуштан кеткенден кийин кечки саат 20:00дө өтсө. Үстүдөгү адамдарыбыз жолду инспекторлор менен тоспой... Ушул маселени оң жагына чечип бербейлиби. Эми эл көп, машиналар жылбай калып жатат. Кортеж маселесин да жолго коюп берсеңиздер. Эртерээк, анан кечинде жүрө турган кылып“, — деди депутат. Ошондой эле Икрамов бардык жолдор жабылып, жумуштан кийин Манас проспектиси менен жүрүүгө мүмкүн болбой калганын кошумчалады.
Back to Top