Бишкекте Sputnik Кыргызстандын срт кргзмс ачылды. Видео

Бишкек шаарындагы Tommi mall соода борборунда “Кыргызстан. Жаз. Жашоо” аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылды. Анда Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүлөрүнүн өлкөнүн чар тарабынан тарткан кадрлары тартууланды. Tommi mall соода борборунун башкы директору Айтбек Кубатов аталган көргөзмө Нооруз майрамына жана жазга арналганын билдирди. “Эл аябай позитивдүү реакция кылып жатат, сүрөт көргөзмө көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууда. Бизге сүрөттөрдү атайын көрүү үчүн келген коноктордун катары калыңдап баратат. Атайын өзүбүздүн ижарачылар жана Tommi соода борборунун коноктору үчүн улуттук суусундук жана тамактар коюлган, жандуу музыка жаңырган этнозона уюштурдук”, — деди Кубатов. Көргөзмөгө Кыргызстандын ар тарабынан тартылган 30дан ашуун сүрөт коюлган. Мисал катары Зардалыдагы гүлүн ачкан өрүктү же Көк-Жайык жайлоосундагы улуттук тамактардын жасалышын айтсак болот. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина өлкөдөгү көргөзмөлөр үчүн сүрөтчүлөрдүн эмгектерин маалымат агенттиги мындан кийин да берип турууга даяр экенин айтты. “Биздин агенттик Кыргызстанда дээрлик тогуз жылдан бери иштеп жатат, бул аралыкта редакция мультимедианы активдүү түрдө өнүктүрдү. Өлкөбүздө көрсөтө турган нерселер көп, биз аларды тартып жайылта беребиз. Булар жөн гана сүрөт эмес — биздин сиздер менен болгон жашообуздун жана маданиятыбыздын бир бөлүгү. Аны ар дайым сактоого аракет кылып келебиз”, — деди Череменина. “Кыргызстан. Жаз. Жашоо” көргөзмөсү дагы үч жума өз конокторун күтөт.
Back to Top