СССР урагандан кийин ар бир экинчи кыргызстандык жакырчылыкка кабылган. 2000-жылдардын башында эт жеп, сүт ичкендер үч эсеге, жашылча-жемиш сатып ала алгандар эки эсеге азайган.
2003-жылдан баштап БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кенже класстын окуучуларын толук кандуу ысык тамак менен камсыздоо боюнча активдүү иштей баштаган. Программанын ири донору Россия бул багытка 10 жыл ичинде 22 миллион доллар каражат бөлдү.
Программаны 2027-жылга чейин узартуу үчүн дагы 15 миллион доллар берген.
Өлкөдөгү жүздөгөн мектептер заманбап ашкана жабдыктары жана байытылган ун менен камсыздалды.
Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы жана башка донорлордун колдоосунда 920дан ашык мектеп булочка-чайдан ысык тамак каралган менюга өттү. Жакынкы үч жылда программага дагы 250 мектеп кошулат.