Апам менден кеткен күн

Сентябрда 1-класска алып барат эмеспи. Ошол күнү апам мени жетелеп мектепке алып барды, чыкканда жолдо келе жатып мени даярдады. “Жакшы оку, таенеңдин тилин ал, бейбаш кыз болбо, тентек кыз болбо, жаман баа алба, анан мен сага келем, макулбу?” – деп айтып жатты. Мен ошондо жети жаштагы кыз болгонум менен анын кетип жатканын түшүнүптүрмүн, мен ал адамдын алдап жатканына макул болдум. “Жок, сен менден кетип атасың“ деп айтып, бул нерселерди билдиргим келген жок, бирок баарын билдим. Кеч кирип мени уктатып койду. Уктап жатып да анын кетерин билип турдум. Көзүмдү ачып эле карадым, сумкалары жок экен, кийимдери да жок экен... Ал кезде маршрутка каяктан кетерин билчүмүн, вокзалга жылаңайлак чуркап бардым. “Менин апамы көргөн жоксуңарбы?” десем “бир саат мурун кетишти“ дешти.
Back to Top