Беш-Кнгйд легендарлуу учкуч Ысмайыл Таранчиев менен Алексей Ткачев эскерилди

Бүгүн, 3-майда, Советтер Союзунун Баатыры, легендарлуу учкуч Ысмайылбек Таранчиевдин 100 жылдыгына карата жана аны менен бир учакта курман болгон Алексей Ткачевди эскерүү иш-чарасы өттү. Алгач аза мүнөтү жарыяланып, асманга үч ирет ок атылган соң куран окулду. Иш-чара Беш-Күнгөй айылындагы Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектепте уюштурулган. Ага баатырлардын жакындары, дин өкүлдөрү, ЖККУнун “Кант“ авиабазасынын кызматкерлери, окуучулар жана аткаминерлер катышты. Баатырдын жээни Жекшенбай Таранчиев төмөнкүлөрдү эскерди. “1964-жылы эшиктин алдына журналист аял келди. “Где живет Исмаил?“ деп сураганынан таятама которуп бердим. “Балаңар учкуч болуп баатырларча Эстонияда курман болду“ дегенде таятам аябай ыйлады. “Уулумдун сөөгү табылбай калды, куран окулуп, аш берилбей калды“ деген арманын айтты. Ошондон кийин маалыматтарды чогултуп, издеп баштадык. Назарбек Тунтеев деген тарыхчы Эстониядагы ошол учак түшкөн жерди тааптыр. 1988-жылы эжем, энемдер болуп барып, ошол жерге эстелик орнотуп келдик. Ал жерге барганда согуштун чыныгы каарын сезгендей болдум, ушунчалык чоң апаат болуптур. Таякемдин кылган эрдигинен таасирленип, мен да учкуч болгум келген. Бирок таятам сени да жогото албайм деп каршы болуп койду“, — деди Таранчиев. Анын айтымында, ошол кезде Ысмайылбек 21 жашта, Алексей 19 жашта болгон. Алар 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы Ил-2 учагы менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына буруп, жанындагы Алексейге “Секир!“ деп буйрук берген. Бирок “мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз“ деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган. Бул эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Back to Top