Аквапаркта каза болгон бала. Ата-энелер министрликтин алдына митингге чыгышты
Бишкектеги “Ала-Тоо“ аквапаркында чөгүп кеткен баланын классташтарынын ата-энелери Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Алар мектеп директору Айгүл Шаимованы жана аквапарктын жетекчилигин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда.
Ата-энелердин бири Жанара Нарматова директорду кызматтан алып гана тим болбостон, кылмыш жазасын берүү керектигин билдирди. Себеби бул биринчи учур эместигин айтты.
“Буга чейин да ушул мектептин окуучуларынын коопсуздугун тобокелге салып циркке, киного алып барышкан. Бир ай мурун 800-1000 окуучуну, бир маршруткага 60тай баладан салып циркке алып барган. Мындан сырткары, коммерциялык класстар үчүн биз ар бир окуучуга айына 2000 сомдон төлөйбүз. Үч мөөнөт менен окушат, демек, бир эле кабинет айына 120 миң сом алып келүүдө. Коррупциялык элементтерди дагы текшериш керек“, — деди Нарматова.
Ошондой эле алар мектепке башка директор дайындалышын талап кылышууда.
Ошону менен бирге ата-энелер “Ала-Тоо“ аквапаркынын жетекчилери тиешелүү жазасын алышы керектигин айтышып, билим берүү системасын да реформалоону суранууда.
Эске салсак, 6-июнь күнү Бишкектеги “Ала-Тоо“ аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Аталган окуяны териштирүү боюнча мэрия тарабынан комиссия түзүлгөн. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү“) жана 297-беренеси (“Керектөөчүлөр үчүн кооптуулук жаратуу“) боюнча иш козгогон.
Аквапаркка жалпы жонунан башталгыч класстын 232 окуучусу барган. Аларды тогуз класс жетекчи жана тогуз ата-эне коштоп жүргөнү айтылган.
Бул ишке байланыштуу № 95 мектептин алты мугалими жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулган. Ал эми аквапарктын жетекчилигине чара көрүлө элек.
50 views
1003
247
2 months ago 00:00:03 3
🫣 Ой-ой, друзья, кажется, цены начали бегать быстрее, чем дети на наших аттракционах! Доллар подскочил, налоги тоже не отстают..
2 months ago 00:24:54 125
ДУБАЙ 🇦🇪 АКВАПАРК С АКУЛАМИ НА ПАЛЬМЕ . ЧУДОМ ВЫЖИЛ. КРАСИВЕЙШЕЕ МЕСТО В ДУБАЕ
3 months ago 00:25:51 209
Прошел на стройку и показал апартаменты в самом сердце Судака. Движ за недвиж.
3 months ago 00:26:28 25
#7 НЯЧАНГ VINPEARL ОСТРОВ ВИНПЕРЛ ЭТО ДОЛЖЕН ВИДЕТЬ КАЖДЫЙ ЭКСКУРСИИ, СТЕЙК РЕСТОРАН, ВЬЕТНАМ 2019
4 months ago 00:00:19 1
Думаете о покупке бассейна, чана для бани или купели?
5 months ago 00:00:10 5.3K
Если вы думаете, что у вас плохой день, то посмотрите на это
5 months ago 00:00:41 101
🍸😯🌴 ЛУЧШИЕ АКВАПАРКИ ДУБАЯ
Представляем Вам мир водных развлечений!
5 months ago 00:11:25 37
Крутой влог про Казань! Поход в Кремль, в корабль по реке, аквапарк и казан!
6 months ago 00:21:34 1
Казань 2024. День второй. Аквапарк “Ривьера“. Чаша “Казан“. Колесо обозрения. Утки. Река Казанка.
6 months ago 00:54:48 1
Погнали работать! Заехали на СпецАвто ставим проставки🥳 показал сыну аквапарк😎