Бишкекке жакын экен. Кордайдагы биолабораториянын курулушуна каршы митинг

2025-жылдын соңунда Казакстан өзгөчө кооптуу штаммдар бар лаборатория курууну пландап жатат. Лабораториянын Жамбыл облусундагы Гвардейский поселогунун аймагында болору айтылган. Объектинин толук аталышы төмөнкүдөй: BSL-4 лабораториясы, кооптуу жана өтө кооптуу штаммдардын коллекциясы сакталган жер төлө. Митингге чыккандар биолабораториянын курулушуна каршы болуп, ал Кыргызстандын чек арасына жакын аймакта, борбор калаа Бишкектен болгону 80 чакырым алыстыкта болорун билгилешти. Акцияга бир нече адам келген. Алар “Биздин чек арага жакын биолабораторияга жол жок!“, “Батыштын адамзатка каршы эксперименттери токтотулсун!“, “Казакстандагы биолаборатория — Борбор Азиянын бардык аймагына жаралган кооптуулук“ деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Back to Top