Тигчлрг буюртманы йдн тигг тыюу салыш керек

Үй тикмечилерин тыюу кыйын. Керек болсо өкмөт да тыя албашы мүмкүн буларды. Мыйзам кылып бериш керек бизге. Буюртманы үй тикмечилерине берип сапаты жок товар чыгарып жаткан цехтерди таптакыр эле жаап салыш керек. Аларды сапатка үйрөтүп, жумушту жумуш ордунда кылып, көзөмөл, өзүнүн технологиясы менен алып кетсе, анда биз дагы деле Өзбекстан, Казакстан өңдүү коңшу өлкөлөргө жол бербейбиз. Керек болсо өзүбүздүн “Дордойдо” иштегендер Өзбекстанга барып кийим тиктирип келип атышат. Биздин базарды Кытайдын товары каптап кетти. “Дордойдо” кулакка жагымдуу угулган, көзгө көрүнүктүү өзүбүз тиккен товарлардан жакшы бир катарларыбыз бар эле. Алар абдан күчтүү линиялар болчу. Ошолордон азыр экөө эле калды, калганынын баарын Кытай товарлары басты.
Back to Top