СССР менен финдердин ортосундагы Кышкы согуш 84 жыл мурда болгон

1939-жылы 30-ноябрда СССР менен Финляндиянын ортосунда “Кышкы согуш“ башталган. Анда жеңилген финдер Москвага кастарын тиккендердин коалициясына катышпоого милдеттенме алган. 103 күнгө созулган кармаш жумушчу-дыйкандардан турган Кызыл армия үчүн оор болгон. Ал Фин булуңунан тарта Баренцево деңизине чейин созулуп, бирок баары бир аягында Хельсинки Москвага өзүнүн аймагынын дээрлик 10 пайызын берген.
Back to Top