Кыргызстандан тыйын чычкан ташып бараткан өзбекстандык киши кармалды
Өзбекстандын жараны Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.
43 жаштагы эркек кишини “Достук“ көзөмөл-өткөрүү жайынан кармашкан. Үч рюкзакка капастагы тыйын чычкандарды салып, үстүн башка буюм-тайымдар менен жаап койгон. Ал эми жаныбарлар боюнча тиешелүү документтер толтурулган эмес.
Кармалган киши андан жандыктарды өткөрүп берүүнү суранышканын айткан. Буюртма берген кишиге жаныбарлардын эмне үчүн керек болгону белгисиз.
Аталган факт боюнча тартип коргоо органдары иш алып барып жатканы айтылды.
114 views
305
102
8 months ago 00:10:17 1
БОЛОТ ТЕМИРОВ БИЙЛИККЕ “ПРОВОКАЦИЯ“ ЖАСАП, “ШАНТАЖ“ КЫЛЫП ЖАТАБЫ?
1 year ago 00:55:54 1
Али-Султан: биография, өнер, өмір, исламды қабылдау | Жақсы жолмен жүріңіздер!