УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталып кимдер кармалганын билдирди
УКМК бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган деп кимдер кармалганы тууралуу маалымат берди.
Чогултулган аудио-видеоматериалдардын негизинде кылмыш иши козголгону белгиленди. Анын алкагында чекисттер 30дан ашуун адамды кармап келип, сурактан кийин бешөө камакка алынган.
“Аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди жана өлкө боюнча бийликке катуу нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист, “Элдик Кеңеш“ саясий партиясынын төрайымы Н.Р.С. экендиги аныкталды. Анын жетикчилиги астында бийликти күч менен басып алуу пландарын талкуулоо менен адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн“, — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
Ачык булактардан “Элдик Кеңеш“ партиясынын төрайымы Роза Нурматова экени белгилүү болду.
Атайын кызмат бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн аймактарынан 100дөн ашык адам тартылып, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөнү аныкталганын белгиледи.
“Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Алар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн. 5-июнда УКМКга 30дан ашык катышуучу алып келинди, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери: Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди“, — деп айтылат маалыматта.
Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынганы кошумчаланды.
Учурда иштин башка жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
39 views
236
85
7 months ago 00:02:16 10
ОПГлар БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУНУ КоЗДӨГӨН, дейт УКМК _ Не Жанылык
1 year ago 00:05:33 1
САДЫР ЖАПАРОВ МЕНЕН КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ИЧ АРА БИЙЛИК ТАЛАШЫП ЖАТАБЫ?
2 years ago 00:01:46 204
УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталып кимдер кармалганын билдирди
3 years ago 00:51:31 1
Казакпаевдин абактагы өлүмү, УКМКнын жообу
3 years ago 00:03:40 248
Колуңду кезебе, сындырып коём! Ташиев менен Мадумаровдун жаакташкан видеосу